Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Аттуу-баштуу эле адамдар той-ашка уруксат берүүнү суранышууда

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 1224 | 0
Бишкектеги ресторандардын бири

«Аттуу-баштуу эле адамдар той-ашка уруксат берүү үчүн кайрылып жатышат». Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Чоң банкет залдары бар кафе-ресторандардын ассоциациясы тынбай кайрылып жатканын, бирок азырынча алардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилбей турганын айтты.

-Той-аштар, Куран окутуу иш-чараларына көп сандагы киши чогулгандыктан алардын иштешине азырынча уруксат бере албайбыз. Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал турукташа элек. Бишкекте коронавирустун 610 учуру катталып, тенденция ылдыйлай элек. Муну туура түшүнүп, мамиле кылсаңыздар деп суранабыз. Абал турукташса гана уруксат берчүдөйбүз —, дейт министрдин орун басары.

Бүгүн, 12-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учур катталды. Анын 19у Бишкек шаарында, Чүй облусунда 13 учур, калганы Ош, Баткен облустарында чыкты.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2166га жетти. Стационарда – 472 адам дарыланып жатат.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 9 272. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 693 адам жатат.

11-июнда Бишкектеги «Кайнар» ресторанында Куран окутуу болуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары барганы талкуу жараткан.

Бишкекте журналистке кол салуу болду (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM