Биз менен байланышыңыз

Бишкекте журналистке кол салуу болду (видео)

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 3463 | 1

Бишкектеги “Кайнар” ресторанында мамлекеттик жогорку кызматта иштеген аткаминерлер Куран окутууга барышкан. Ресторанда канча конок жана автоунаа бар экенин тартууга аракет кылган журналистке кол салуу болду.

Kaktus.media басылмасынын журналисти Марат Уралиев фейсбукта түз эфирге чыгып, өзүнө кол салган адамды мурунку депутат Өмүрбек Бабановдун жан сакчысы болушу мүмкүн деп билдирди.

“Кайнар” ресторанында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабановдун эжесине Куран окутулганы белгилүү болду.

Жансакчы деп айтылган адам журналистке ресторан жайгашкан аймактын тротуарынан өтүүгө да тоскоолдук кылган. Ошол эле учурда жолдон өтүп бараткан Патрулдук милиция кызматкерлери буга реакция кылышкан эмес.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык адам топтолбошу керек. Журналисттин болжоосунда Куран окутууга 50дөн ашык адам чогулган.

Бишкек мэриясы аталган ресторанга 13 миң сом айып салынганын Твиттердеги баракчасына жарыялады.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Кана

    12.06.2020 11:47

    Эми Куран тушургонго да болбойбу Журналистер бойроктон шыйрак чыгарышат Той берген жерди тартса болмок Азыр баарын ачып коюшту Базарларды тартса болмок Ким кандай журот деп Куранда болгону Эки жуз адам ашып кетсе Машина базарда он мин киши журот ошол жакты жабыш керек Куран тушургон жерди эмес

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM