Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы судья Айбек Эрнис уулун жоопкерчиликке тартууну өтүндү

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 892 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун, Бишкек шаардык сотунун коллегия мүчөлөрү Замир Алгожоев, Керезбек Есекеевди жана Жамиля Сабитованы мыйзам бузууга жол бергени үчүн жоопкерчиликке тартууну өтүндү.

Акыйкатчыга Бишкекте 13 жаштагы К.А. аттуу кызга ыдык көрсөтүлгөнүн айтып Ч.А. аттуу аял  кайрылган.

Акыйкатчынын билдирүүсүндө, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу бул кылмыш ишти кароого укугу жок болчу. Себеби ал адвокат Арман Кыйгырованын тергөөчүнүн бул иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканына доо арызын кароого катышкан.

Бир нече жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлсө да, Айбек Эрнис уулу ишти карап, 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамга карата «үй камагына алуу» түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.

Ошентип, судья Айбек Эрнис уулу сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук көрсөтүү-оор кылмыш кылгандардын жазасы 5 жылдан ашкан мөөнөткө эркинен ажыратылат жана камакка алынат деген ченемди четке каккан.

Соттун адилетсиз өкүм чыгарганына соттук коллегиянын судьялары көңүл сыртында калтырып, алар мыйзам бузууларга жол берген.

Токон Мамытов Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына тийиштүү сунушун жөнөттү.

Copyright © 2017 Maral FM