Биз менен байланышыңыз

«Сосновка» жана «Кара-Көл» туннелдик постторунун башчылары кармалды

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 2401 | 1

Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу Мамлекеттик жол администрациясынын директору, «Сосновка» жана «Кара-Көл» туннелдик постторунун башчылары кармалды.

Финансы полициясынын маалыматына караганда, аталган бөлүмдөрдө “масштабдуу коррупциялык схема” аныкталган.

Учурда коррупциялык схемага тийиштиги бар деп шектелген 12 кызматкер кармалды. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 20 миллион сомду түзөт.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Транспорт жана жолдор министрлигинин дагы башка тийиштүү адамдарын аныктоо аракети көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM