Биз менен байланышыңыз

“Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы иштей баштады

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 517 | 0

Бүгүн, 11-июндан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Казак тараптын демилгеси менен “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайы бир гана бош жүк ташуучу унаалардын өтүшү үчүн ачылды. Муну менен башка өткөрмө жайлардагы жумуш жеңилдеп, бош жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төрт автожол өткөрүү жайлары иштеп жатат. Алар Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Кең-Булуң-автожол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка-автожол” өткөрүү жайлары.

«Ак-Тилек автожол» жана «Чоң-Капка автожол» өткөрүү жайларында жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.

Темир жол жүк тушуучу курамдар «Кайыңды-темир жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM