Биз менен байланышыңыз

Таласта дагы эки кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 1241 | 1

Талас облусунда коронавирус менен катталган медициналык кызматкердин жолдошунан жана кошунасынан вирус чыккканы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, учурда аны менен байланышта болгондордун баары лабораториялык текшерүүдөн өтүүдө.

Контакт аябай көп болуп жатат. Жашаган жери боюнча 5 киши, иштеген жери боюнча 17 киши, башка дагы 98 адам менен контактта болгон. Бул тартиптин сактабалбагандыгын билдирет. Коронавирустун экинчи учуру медкызматкердин жолдошунан, аны менен байланышта болгондордон да аныкталууда. Алардын саны улам такталып жатат, — дейт Үсөнбаев.

Талас облусунда коронавирустун алгачкы учуру 10-июнда катталды. Учурда 3 учурга жетти. Коронавирусту жуктургандардын жалпы саны өлкө боюнча 2129 адамга жетти.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM