Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер ачылат

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 647 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Өкмөт башчысы Аскар Мамин менен чек араны ачуу маселеси боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, казак тараптын сунушу боюнча, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларын ачуу, кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашуу жетишилди.

Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен жердеги «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайында казак тарапка жүк ташуучу унаалардын өтпөй, узун кезек болуп жаткан.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул жагдайды ЕАЭБ алкагындагы тоскоолдук деп баалаган.

Copyright © 2017 Maral FM