Биз менен байланышыңыз

Марат Жанталиевди кесиптештери эскерет: ал комедияны да, драманы да көркүнө чыгарчу

Айнура Турганбаева  — (Сакиш) куудул, КР Эмгек сиңирген артисти

-Экөөбүз бири-бирибизди көз караштан гана түшүнчүбүз, мүнөзү аябай жумшак, жакшы адам эле. Бул баягы көзү өтүп кеткенден кийин эле мактап-жактагандык эмес. Буга чейинки интервьюларда да ал жөнүндө айтып келгенмин. Экөөбүз карантин учурунда да телефон аркылуу сүйлөшүп турдук. Биз жумушка 2-июнда чыктык, ошондо жолугуп жакшы ойлорду пландаганбыз. Анткени жакында Марат экөөбүз жаңы киного тартылмакпыз бир үй -бүлө болуп… Эми ал дагы болбой калды. Айла жок, тагдырдын башка салганы экен. Ооруканага барсам, комага түшүп калыптыр. «Бопуня» десем уккан жок, ошол бойдон эле кете берди байкушум (ыйлап).

Гүлмира Турсунбаева  — КРнын Эмгек сиңирген артисти, актриса  

-Биздин  театр үчүн чоң жоготуу болуп олтурат. Марат кесиптешимдин кандай адам экени жүзүнөн эле билинип турат. Чоң талант, гениалдуу артист жана жакшы адам эле. Кээ бир адамдардай болуп, наам, роль үчүн жулунбаган жөнөкөй киши болчу. Бопуш эчак эле КРнын Эл артисти наамын алыш керек эле. Бир жерим ооруп  атат деп деле айтчу эмес. Бул сапар ооруп атам деп ооруканага  барыптыр, доктур көрүп эле «тез арада жатыңыз» деп айтыптыр. Ага чейин кайрылганда «коронавирус» деп ооруканалар кабыл албай коюптур. Азыр мындай кырдаалда  ооругандан да коркосуң. Ал эми Марат биздин элесибизде эң мыкты сапатка ээ адам катары адамгерчилиги жана момундугу менен  эсибизде түбөлүккө сакталат.

Эгемберди Чалабаев — актер, КРнын Эл артисти

-Марат экөөбүз курдашпыз да.»Туңгуч» театрынын кино, концертеринде чогуу жүрдүк. Бир гана кесипте эмес, жашоодо дагы жакшы сүйлөшүп, мыкты дос боло алды. Маратты бир гана комедия жанрында мыкты актер экен десем, драма жаатындагы дагы мыкты экенин далилдеди. Себеби, мен «Ажар» спектаклин коюп калдым. Ошондо Кайып чалдын образын аткарганда элдин жүрөгүнө өзгөчө таасир калтырып мени дагы, көрүүчүлөрдү дагы таланты менен суктандырган. Мүнөзүнө келе турган болсок, абдан жумшак адам эле. Эч кимге жаман сөз айтпаган жан эле. Кече үйүнө барсак, театрда иштеген жаш балдар-кыздар: «Сиздер сын-пикирди урушуп айтсаңыздар, Марат байке аталык мээрим менен жай гана түшүндүрчү», — деп айтып жатпайбы.

Темирлан Сманбеков  КРнын  Эмгек сиңирген артисти, актер

-Кыргыз маданиятында орду толгус жоготуу болду десем жаңылышпайм. Марат экөөбүз студент кезден баштап эле таанышпыз. Ал «Ак илбиристин тукуму» деген филиминде Саяк деген каармандын образын өзгөчө кайталангыс кылып жаратты. Мына ошондон баштап, чыгармачылыгында чоң бурулуш башталып, жылдызы жанып, теле-сериалдарга чакырыла баштады. Марат таланты менен өзүнө тирүү кезинде эле өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп койду десем болот. Мүнөзүнө келе турган болсок, өтө сыпайы, сылык, жүрөгү назик адам эле. Акыркы жолу театрга  келгенде экөөбүз сүйлөшүп жакшы пландарды коюп коштошуп чыккан, терезеден карасам, театрдын алдындагы отургучта өзү жалгыз айлананы карап олтурган экен. Кете элексинби? деп сурасам: «Бул жер сонун экен бир аз отурайынчы», — деп калды. Ошону менен качан кеткенин жумушка алаксып, байкабай калыптырмын. Көрсө, Мараттын театрга акыркы келгени ошол күн  болуптур да. Эми эмне дейбиз айла жок, жакындарына, үй- бүлөсүнө жана жалпы кыргыз элине көңүл айтам.

Эске салсак, белгилүү актер Марат Жанталиев 9-июнь күнү каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-июнь күнү Бишкек шаарындагы өзүнүн үйүндө саат 09:30 башталат. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM