2020-жылдын 10-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаары – 19;
- Чүй облусу — 6;
- Нарын облусу — 1;
- Ош шаары – 6;
- Ош облусу — 3;
- Жалал-Абад облусу — 2;
- Талас облусу — 1.
-Жети учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 24 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Калган 7 учурдун жугузуп алган шарттары белгисиз, — деди Үсөнбаев.
Анын айтымында, акыркы сутка ичинде 2 816 изилдөө жүргүзүлгөн. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 8 858ди түздү. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 671 адам жатат.
Белгилей кетсек, 10-июнга карата республика боюнча жалпы 2093 адамдан вирус аныкталды.
- Стационарда – 495, алардын ичинен реанимацияда – 2 адам жатат;
- Ооруканадан чыгарылды – 1572;
- Каза тапты – 26.