Бир сутка ичинде 89 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Айыгып чыккан бейтаптар:
Бишкек шаары – 15;
Чүй облусу – 59;
Ош шаары – 1;
Нарын облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 1.
Белгилей кетсек, 10-июнга карата республика боюнча жалпы 1572 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.