Биз менен байланышыңыз

Президент: Июнь окуясы өлкө үчүн оор сыноо болгон

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 695 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылды. Ал 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуя эгемен мамлекет үчүн эң оор сыноо болгонун айтты.

Ошол оор күндөрү өлкөгө колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазылык билдирди.

“Көптөгөн мекендештерибизден ажырап, кайгы-муңга туш болдук. Бүгүн ошол апаатта кайтыш болгондорду эскеребиз, Жараткан аларга бейиштен орун берсин деп тилейбиз. Каза болгондордун ата-энелерине, балдарына, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген жалпы элибизге рахмат айтабыз. Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз. Бул кайгылуу окуя, коомдогу ынтымак баарынан бийик дөөлөт экенин дагы бир ирет көрсөттү”,- деп айтылат кайрылууда.

Президенттин айтымында, улуттар арасындагы биримдик, этностордун ортосундагы ынтымак ар дайым өтө аяр мамилеге, дайыма коргоого муктаж. Кыргызстанда улуттук саясатты ишке ашыруу абдан кылдаттыкты талап кылат.

Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет болгондуктан бардык улуттун маданияты, үрп-адаты аяр мамиле кылууну, жарандардын укуктары астейдил коргоону талап кылат. Жээнбеков элдин ынтымагын бекемдөөгө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Бүгүн, 10-июнда Июнь окуяларына 10 жыл толду.

Copyright © 2017 Maral FM