Биз менен байланышыңыз

Исаков 18 жылга кесилип, Карыбаевага 260 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 1174 | 0

Улуттук Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иш боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаков 18 жылга кесилип, Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаевага 260 миң сом айып салынды.

Мындай чечим 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.

Мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясы боюнча «коррупция» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ошондой эле, 247 млн 650 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирүү сунушталган.

Ал эми президенттин мурдагы кеңешчиси Мира Карыбаевага коюлган «Коррупция» беренеси «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөртүлгөн, ага 260 миң сом айыппул салууну сураган.

Тарых музейи менен ат майданды реконструкциялоого байланышкан иште мурдагы 6 аткаминерге айып тагылган. Мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 247 млн сом болгон, анын ичинен 101 млн сом музейге, 145 млн сому ат майданга тиешелүү.

Бул иштерге байланыштуу Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков, Айдарбек Мендеев сурак беришти.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков, Айдарбек Мендеев тергөө менен келишим түзүп, алардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Copyright © 2017 Maral FM