Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош-Бишкек каттамы боюнча 208 жүргүнчү учту

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 577 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту 8-июнда, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстерди тейледи. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны 208ди түздү.

Республикалык Штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, өлкөдөгү бардык ири аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн  жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынды.

«Манас» эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү сунушталган чараларды сактоону өтүнөт жана аэропортторго беткап менен авибилети бар гана уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет.

Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар. Авиабилеттерди сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнө күн мурун кайрылуусу керек.

Пандемияга байланыштуу Кыргызстан жарандарын чет өлкөдөн кайтарууга байланышкан чартердик каттамдарды жана жүк каттамдарын кошпогондо үзгүлтүксүз ички жана эл аралык каттамдарды токтоткон.

2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган.

Copyright © 2017 Maral FM