Биз менен байланышыңыз

“Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланат

Кыска кабар | 8 Июн 2020 | 1126 | 0

Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

2020-жылдын 15-июнунда Күлүйпа Кондучалованын туулганына 100 жыл толот. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы маданият министри, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер болгон.

Анын мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралардын тизмесине кирген. Маараке ушул жылдын күз айларында жалпы коомчулуктун катышуусу менен белгилене тургандыгы күтүлүүдө. Ал эми залкар инсандын туулган күнүн утурлай Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгын жарыялады. Жумалык өлкөдөгү өзгөчө абалга ылайык онлайн форматта өтөт.

Жумалыктын алкагында Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө жана калыптанышына кошкон салымдарын чагылдырган атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш- чаралар уюштурулат.

Жумалыктын расмий ачылышы жана китеп көргөзмө бүгүн, 8- июнь күнү А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт.

Күлүйпа Кондучалова 2013-жылы 7-сентябрда, 93 жаш курагында көз жумду. Ал бир нече жолу СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланып, Советтер союзу учурунда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, андан кийин 20 жылдан ашык убакыт маданият министри болгон.

Кондучалова I жана III даражадагы “Манас” орденинин, Курманжан Датка эл аралык сыйлыгынын ээси.

 

Copyright © 2017 Maral FM