Биз менен байланышыңыз

«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын иши жанданат

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 534 | 0

Кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин жандандыруу маселеси талкууланды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстандын Бажы кызматынын жана Кытайдын Бажы башкармалыгынын башчыларынын жыйыны өткөрүлдү. Анда кыргыз тарап жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуштады.

Бул алгоритм бизнес-коомчулук менен макулдашылып, учурда кошуна өлкөлөр дагы иш жүзүндө колдонууда.

Кытай тарап сунушталган алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча зарыл шарттардын тизмесин жөнөтөрүнө ишендирди.

Бүгүнкү күнү «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча тараптардын ортосундагы иштер уланууда.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 8-июндан тарта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетинин ишин эки өлкөнүн жүк ташуучулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө макулдашууга жетишилгенин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM