Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус жуктургандарды кабыл ала баштады

Кыска кабар | 6 Июн 2020 | 775 | 0

Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Учурда орточо оор абалдагы бейтаптар кабыл алына баштады.

Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасы 78 орунга ылайыкташтырылган. Анын ичинде 12 интенсивдик терапия бөлмөсү бар. Жалпысынан 35 медицина кызматкери ишти алып барууда.

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 19 медицина кызматкеринен вирус табылып, мекеме обсервацияга жабылган. Андан кийин Кыргыз-түрк ооруканасы коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштайт деп айтылган.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1974 адамга жетти. 1360 адам айыгып, 22 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM