Биз менен байланышыңыз

Тойлор токтоду: тамадалар кантти экен?

Көңүл ачуу , Марал шоу | 8 Июн 2020 | 2487 | 0

Кыргызстанда киргизилген өзгөчө кырдаалдан кийин той өткөрүүгө бүгүнкү күнгө чейин уруксат  бериле элек. Той башкарып, эрке баланын кызматын кылып жүргөн тамадалар азыр эмне менен алек?

Жылдызбек Турсунбев — акын, тамада

«Менин өзүмдүн негизги жумушум бар, журналист болуп иштейм,тамадалыкты хоббим десем болот. Албетте, биз мыйзамды сыйлайбыз. Бул бир гана тамадалардын гана башына келген иш эмес, жалпыбызды түйшөлткөн маселе болду. Бирок, ар кимдин өзүнүн жумушу бар, айлыгы бар. Бир гана той менен күн өткөргөн эч ким жок. Азыркы учурда интернет өнүккөн заманда ошол жактан да өз бизнестерин жүргүзүп, дүкөндөрүн иштетип, жакшы эле жашоосун өткөрүп жаткандар көп».

Урмат Борченов —  алып баруучу, тамада, шоумен

Эми жеке өзүмдү алып карай турган болсом, кыйынчылык деле туудурган жок. Себеби үн коштойм, андан тышкары, өзүмдүн да жеке жумуштарым бар. Албетте, эми мурдагыдай жыргал жашоо болбой калды. Ар ким өзүнүн кесиби менен жумуш кылып калды окшойт. Эми заман кандай болсо, ошого жараша ыңгайлашып жашаш керек го…

Эшенкул Барпиев — Маданияттын мыкты кызматкери, тамадалар борборунун негиздөөчүсү, алып баруучу, тамада

«Жер үстүндөгү адамзаттын баары корккон вирус болду го? Ал канча деген мамлекетти чөк түшүрүп койду. Анан эми адамга ден соолук, өмүр деген кымбат экен. Ошол себептен мамлекеттин башындагылар чыгарган мыйзамга баш ийип, карантинде баарыбыз үйдө эле болдук. Тамадалар бир гана той менен оокат кылбайт да. Ар кимдин өзүнүн чыгармачылыгы тиричилиги бар дегендей, тойдун деле өзү сезону бар. Тойлордун көпчүлүгү сенябрдан жаны жылга чейин төрт эле ай болот. Бул тамадачылык өнөр деген жөн гана хобби катарында болуш керек. Бул деген — өнөр. Анан калган учурда ар ким өзүнүн жумуштары менен алек болушат. Көбүнчө тамада болуп жүргөндөр ырчы, радио телевидениелерде журналист, редактор болуп  иштеп жүргөндөр. Демек, алардын негизги жумуштары бар да».

Эрнист Бөрүбаев — ырчы, куудул, тамада

«Элдин саламаттыгы биз үчүн өтө маанилүү. Ошол үчүн бийлик айткан эрежелерди сакташыбыз керек. Эми тойго тыюу салынгандан бери өзүңөр деле интернеттен көрүп жатсанар керек, кайрымдуулук менен алектенип жүрөм. Андан тышкары, өзүм дагы үй салып туруп сатып жибермей адатым бар эле (күлүп). Ошол, башка деле жумушум жок. Бизге азыр элдин саламаттыгы керек. Ошондуктан эртерек ушул күндөн куткар деп кудайдан тилейли».

 

Турдаалы Аскарбеков — ырчы,тамада

Азыр эми баарына эле кыйын болуп жатат. Анын ичинен ырчыларга, тамадаларга өтө эле кыйын болду. Көбүнчө той-топур менен оокат кылышат да. Негизи, той кышында деле жакшы болбойт. Анан азыр коронавируска деп токтоп калып аябай эле кыйын болуп жатат. Эптеп чогулутуп катып койгондорубуз дагы түгөндү.Чынын айтканда, башкалардай кошумча каражат табуучу булактарым деле жок. Эптеп-септеп эле оокат кылып жатабыз. Кандай мыйзам чыгарса да макулбуз. Ооруну көбөйтүп албашыбыз керек да.

 

 

Санжар Мыкыев — алып баруучу, тамада

«Эми жалпы эле бизге эмес, жер планетасына залакасы тийди. Негизи, менин тамадалыктан тышкары, теле, жарнамалык долбоорлор менен иштейм. Той токтогонго чейин деле бул жумуштарымды кылып жүрчүмүн. Анан дагы өзүмдүн дипломум боюнча програмистмин ушул боюнча дагы иш алып барам. Эпидемия биздин эле өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткандан кийин бардык мыйзамга баш ийип эрежелерди сактап жатабыз».

 

Чыңгыз Мырзаев — алып баруучу, ырчы, тамада

Бул жерде тамадалардын эле тагдыры чечилип жаткан жок. Жалпы элдин маселеси болуп жатпайбы. Элдин жакшлыгында кызмат кылган адам катары, ырчы болобу,  бийчи болобу, таасирин тийгизет. Эми эл менен бирге болобуз да. Элден бөлүнүп да кете албайсың, кемеге түшкөндүн жаны бир дейт. Элибиз эртерээк ошол аты жаман оорудан кутулуп, тынч, бакубат жашоо болсун деп тилейм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM