Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 6 саясий партия бириккендигин жарыялады

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 13677 | 2

Кыргызстанда 6 саясий партия бириккендигин жарыялады. Алар жаңы кыймылдын атын “Жаңы дем” деп аташты.

«Ата Мекен» партиясы «Жаңы дем» деген ураан астында күздɵгү Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турганын билдирди. Бул тууралуу өлкөдөгү алдыңкы саясий күчтөрдүн биригүүсү тууралуу декларацияга кол коюу учурунда белгилүү болду.

Өмүрбек Текебаев — «Ата Мекен» партиясы, Темир Сариев — «Ак Шумкар» партиясы, Жанар Акаев «КЛДП» партиясы, Рыскелди Момбеков Социал-демократиялык тобу, Тилек Токтогазиев «Жаңы Дем» коомдук кыймылы, ошондой эле Жашыл күчтөрдүн коалициясынан Азамат Темиркулов биригүү тууралуу декларацияга кол коюшту. Бул документте стратегиялык өнөктөштүк тууралуу жана жаңыланган саясий бирикменин максаттары белгиленет.

«Биздин альянс — бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар. Негизги максатыбыз келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу. Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз. Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле 2020-жылдагы башкы саясий иш-чаранын алдында саясий күчтөрдүн биригүүсү шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир эте алат деп кошумчалайт «Ата-Мекен» партиясы.

2 пикир

2 пикир

  1. Эрнис кожонов

    06.06.2020 00:26

    Суроттогу эки жигит силер экижагынардагы сасыктарга жакын турбагыла сасыгы жугат

  2. Сабыр

    07.06.2020 15:37

    Жанар Акаев эски борулорго кошулганы жакшы эмес урууларга кошулганы мени окундурот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM