Connect with us

5-июнга карата дагы 37 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 556 | 0

Бүгүн, 5-июнга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде 37 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бир күндө 2617 анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында, ооруну жугузуп алуунун 37 жаңы учуру катталды. Ушуну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1936га жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 48 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандардын саны 1340ка жетти.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 378 учур катталды, алардын ичинен 272 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 046. Кыргызстан боюнча учурда обсервацияда 2 132 адам жатат.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учурунун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 14;
Чүй облусу — 7;
Нарын облусу — 6;
Ысык-Көл облусу – 3;
Ош шаары – 1;
Ош облусу — 5;
Баткен облусу — 1.

Copyright © 2017 Maral FM