Биз менен байланышыңыз

8-июндан тарта мечиттерге барууга уруксат берилет

Кыска кабар | 4 Июн 2020 | 1653 | 0

Кыргызстанда 8-июндан тарта диний мекемелерге барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат. Анын ичинде мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга уруксат берилет.

Мындай чечимди Республикалык штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды.

Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышы керек. Беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы шарт.

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет, ошондуктан жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө беткап тагынууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM