Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы чырда 15 кыргызстандык жаракат алды

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 687 | 0

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан Кыргызстандын 15 жараны жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, чек арадагы чырдан жараат алган 15 адам Айдаркен шаарынын жалпы практикалык дарыгерлер борборуна алынып келинген. Азыркы учурда төрт адам стационарда, калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга берилген.

Министрликтин маалыматында, ар түрдүү жараат алган төрт адам стационарда дарыланууда, экөөнүн абалы оор деп бааланууда, ал эми дагы экөөнүн абалы канааттандырарлык.

Баткен облусунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыр чыкты. Эки тарап бири-бирине таш урушту. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, чыр аймактагы суу талаштан улам келип чыккан.

Анда кыргыздарга тиешелүү мал сарай өрттөндү.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбекстандын Сох районунун акими жолугушуп, чырды жөнгө салуу, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Copyright © 2017 Maral FM