Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 31-майда күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 30 мая 2020 | 888 | 0

Кыргызгидромет борборунан кабарлагандай, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күндүн күркүрөшү күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Нарындын айрым аймактарында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жа атоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+33

Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+33

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19,
күндүз +30…+35

Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13

Бишкекте жаан жаабайт, түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+15, күндүз +30…+32 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM