Биз менен байланышыңыз

Лейлекте мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду

Кыска кабар | 29 мая 2020 | 595 | 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек эркин экономикалык аймагындагы 6 гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев тарабынан демилгеленген.

Анын айтымында, бул чоң долбоор Кытай Эл Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырылган. Курулушка 1,5 млн АКШ доллары жумшалган.

Ишкана бир айда эки миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүрө алат. Келечекте айына 5000 тоннага чейин мунайды кайра иштетүү пландалып жатат, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын запасы 1,9 млн тоннаны түзөт.

Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» ишканасынын Кайрагач участкасында бир айда өндүрүлгөң 1000 тонна мунайды кайра иштетип, андан сырткары жакынкы чет өлкөлөрдөн бир айда 2000 тонна чийки мунайды ташып келип кайра иштетүүнү пландоодо.

Ишкана толук ишке киргизилсе, өлкө казынасына жылына 90 млн сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле 25 жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыздалат.

Copyright © 2017 Maral FM