Биз менен байланышыңыз

Жыштык сатуу фактысы: Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыкты

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 1131 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы орун басарлары менен жыйын өткөрүп, аткаруу бийлиги ар дайым ачык иштеп келгенин айтты.

-Бирок ошого карабастан, Жогорку Кеңеште өкмөттүн жана премьер-министрдин дарегине жыштык сатуу фактысына байланышкан сын айтылып, ал үчүн жооп берүүгө чакырышты. Мен башынан эле өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоого, жыштыктарды ачык аукцион менен сатууну колдоп келгем. Мен муну парламенттин отурумунда да айттым. Байланыш агенттигиндеги жыштык сатуу фактысы боюнча коррупциялык ишке эч кандай байланышым жок экенин, муну саясатташтырбоо керектигин белгилегим келет. Күч органдары бул ишти бейтарап иликтеши шарт. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм, — дейт Абылгазиев.

Өкмөт башчы өзү өргүүдө жүргөн кезде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өкмөттүн ишин координациялоону тапшырды.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев жыштык сатуу фактысы боюнча өкмөт башчынын жооп берүүсүн талап кылган. Ал бул коррупциялык иштен Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси камалганын, андан кийин УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси камалганын, Өкмөттүн Аппаратынан да ушул маселе боюнча бүгүнкү күндө сурак берип жатышканын айтты.

Андан кийин өкмөттүн аппараты Абылгазиевдин бул ишке тиешеси жоктугун айтып, билдирүү тараткан.

Эске салсак, жакында эле Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупцияга шектелип кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM