Биз менен байланышыңыз

Карантин: Кыргызстанда 709 миң киши жумушсуз калды

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 912 | 1

Кыргызстанда карантинде 709 миң киши жумушсуз калды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалык башчысы Зайнидин Жумалиев «Марал» радиосунун «Экомайдан» берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө абал режими киргенден бери жумушсуздардын саны кескин көбөйдү.

− Карантин мезгилинде 700 миңден ашык адам жумушка чыга албай отуруп калды. Жумушсуздардын көпчүлүгүн Бишкек шаары түзөт, − деди Жумалиев.

Жумушсуз калган адамдардын аймактарга карата бөлүнүшү:

  • Ош шаары боюнча 52 миң киши;
  • Чүй облусунда 92 миң адам;
  • Ысык-Көл облусунда 46 миң адам;
  • Талас облусунда 14 миң;
  • Нарында 12 миң;
  • Жалал-Абадда 82 миң;
  • Ош облусунда 124 миң;
  • Баткен облусунда 45 миң;
  • Бишкек шаарында 239 миң.

Жумушсуз калгандардын көпчүлүгү − кызмат көрсөтүү жана тейлөө тармагында иштегендер.

Зайнидин Жумалиев билдиргендей учурда өлкөдө 70 % ишмердүүлүк кайра жандана баштады.

Copyright © 2017 Maral FM