Биз менен байланышыңыз

АКШ: дүйнө пандемиядан 9 трлн $ зыян тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 564 | 0

АКШ пандемиядан дүйнөгө келтирилген зыянды 9 триллион долларга баалады. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео билдирди.

Помпео коронавирустун жайылышына каршы күрөш үчүн Кытай 9 триллион доллардан ашык каражат бөлүшү керектигин айтты. Анын мындай пикирин Fox News трансляция кылды.

«Кытайдын пандемияга каршы күрөштө кошкон салымы бүткүл дүйнө төлөгөн баага салыштырмалуу анча чоң эмес. Кырсык 90 миң америкалыктын өмүрүн алып, март айынан бери 36 миллион адам жумушсуз калды. Дүйнө жүзүндө 300,000 адам көз жумду. Биздин эсептөөлөр боюнча 9 триллион долларга чейин чыгым болушу мүмкүн», — деди Помпео.

Ал белгилегендей, АКШ дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен күрөшүүгө, анын ичинде вакциналарды жана гуманитардык жардамды өнүктүрүүгө 10 миллиард доллар бөлүп берди. Ошол эле учурда, Кытайдын салымы болгону 2 миллиард долларды түзгөн.

Америка Кошмо Штаттары Кытайды коронавирус жөнүндө маалыматты жашырган деп айыптоодо. Вашингтон эгер Пекин пандемияга алып келген окуялар жөнүндө толук маалымат бербесе, Кытайга санкцияларды киргизерин айтып коркутту.

Помпеонун айтымында, коронавирус Ухандагы лабораторияда пайда болгон жана абдан чоң далилдер менен далилденген.

Кытай АКШнын коронавирус жасалма жол менен жаратылган деген маалыматтын четке кагып, оору жөнүндө маалымат жашырылганын четке кагууда.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Вашингтондун билдирүүсүн спекулятивдүү жана далилсиз деп атады.

Copyright © 2017 Maral FM