Биз менен байланышыңыз

Багдаддагы кол салуу тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсү

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 544 | 0

2019-жылдын 31-декабрында Ирандын колдоосун алган террористтер Ирактын Багдад шаарындагы АКШ элчилигине кол салышты. Мамлекеттик катчы Майкл Помпео террористтер элчиликте жайгашкан АКШ дипломаттарына жана персоналына коркунуч көрсөткөнү тууралуу айтты. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул мамлекет тарабынан каржыланган терроризм. Бул терроризм Иран тарабынан каржыланып, Американын кызыкчылыктарына коркунуч көрсөткөн”,- деп айткан мамлекеттик катчы Помпео. Ал элчиликтин коопсуздугун тастыктап, мониторинг улантылып жатканын кошумчалаган.

Президенттин буйругу менен 3-январда АКШнын аскерлери америкалык персоналды коргоо үчүн АКШда чет элдик террористик уюм катары каралган Ислам революциясынын сакчыларынын Кудс курамынын башчысы Касем Сулейманини өлтүрүшүп, чечкиндүү коргоо иш-аракетин жүргүзүштү. Сулеймани Иракта жана бүткүл региондо америкалык дипломаттарга жана аскерлерге кол салуу үчүн активдүү пландарды түзүп келген. Акыркы бир нече айдын ичинде Ирактагы коалициянын базаларына кол салуулар, анын ичинде 27-декабрда америкалык бир жаран каза болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон кол салуунун артында Сулеймани турган. Бул сокку келечектеги Ирандын кол салуу боюнча пландарын ишке ашыруудан кармап калуу үчүн даректелген.

29-декабрда президент Трамп АКШ күчтөрүнө Иран каржылаган Ирак жана Сирияда жайгашкан объектилерге жана куралдуу мыйзамсыз топторго каршы абадан сокку жүргүзүү тууралуу буйрук берди. Бул соккулар Ирактагы Американын аскерлерин жана жарандарын коргоо үчүн жана Иранды кол салуудан кармап калуу үчүн коргонуу аракети болду. 2018-жылдын сентябрынан баштап, Трамптын администрациясы АКШ жарандарына, АКШ аскерлерине жана өзүнүн союздаштарына кол салууга жол бербейт деп так белгиледи. Мамлекеттик катчы Помпео Ирандын контролундагы кайсы бир күчтөр болбосун, Американын жарандарына же анын союздаштарына зыян келтирчү болсо, АКШ чечкиндүү жооп берет деп эскертүү жасады.

Бул соккулар Ирак, Сирия жана кайсыдыр башка жерлерде АКШнын кызыкчылыктарына зыян көрсөткөн Ирандын коркунучуна АКШ жооп берерин көрсөтөт. Мамлекеттик катчы Помпео 2018-жылдын сентябрында: “Биз АКШнын кызыкчылыктарына кол салуу үчүн Ирандын көзөмөлүндөгү күчтөрдү колдонгону үчүн жоопкерчиликтен баш тартууга жол бербейбиз: Иран бул сыяктуу окуялар үчүн жоопкерчиликти тартат”— деп айткан.

Copyright © 2017 Maral FM