Биз менен байланышыңыз

Уолт Дисней жашаган үй миллион доллардан ашык акчага сатылды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2020 | 432 | 0

Los Angeles Times маалымдагандай, дүйнө жүзүнө белгилүү мультипликатор Уолт Дисней жашаган Палм-Спрингстеги (Калифорния) үй 1,095 миллион долларга сатылды.

Үй 1962-жылы курулган. 227 чарчы метр аянтты камтыган үйдө төрт бөлмө жана төрт жуунуучу бөлмө бар. Короодо бассейн жайгашкан.

Үй Дисней династиясына таандык болуп, 2015-жылы 650,000 долларга сатылган.

Эки жылдан кийин мүлк кайрадан сатыкка коюлган. Анын баасы 865,000 долларды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM