Биз менен байланышыңыз

«Падыша Арстан (The Lion King)» мультфильми жаңыланды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 1087 | 1

Дүйнө жүзүнө белгилүү, бөбөктөрдүн да, улуулардын да сүймөнчүгү болгон Симба тууралуу мультфильмдин жаңы технологиянын жардамы менен жасалган римейки ушул жылдын жайында көрүүчүлөрүнө сунушталат. Анын трейлери Америкадагы «Ыраазычылык күнүндө» футболдук матчтын алдынан телеканалдардан көрсөтүлдү.

Бул жолку чыгарылыш атактуу артисттер Бейонсе, Дональд Гловер, Чиветел Эжиофор жана Сет Рогендердин үн коштоосунда жаңырмакчы. Мына бул команда режиссер Жон Фавронун кыялы болчу. Бейонсе Симбанын балалыктагы досу, кийин сүйгөнү болгон Наланын ролун ойнойт. Режиссердун айтымында римейкте фильмдин сюжети өзгөрбөй, баштапкы мазмунун сактайт.

Көрармандар трейлерден Жеймс Жонстун үнүн дароо эле таанышкан. Ал 1994-жылкы оргиналында Муфасу падышаны ойногон, бул жолу да ошол эле ролду ойнору маалым болду.

Эске салсак, «The Lion King» анимациялык фильми 1994-жылы «Walt Disney» тарабынан жарыкка чыгып, болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жеткен. Анын чогулткан каражаты өз кезегинин рекорддук чегин багынтып, 968 миллион доллар тапкан. Эки «Оскар» жана үч «Алтын глобус» сыйлыктарын жеңген.

1 пикир

1 пикир

  1. Аза

    25.11.2018 11:22

    Көрүш керек!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM