Биз менен байланышыңыз

Нарында сегиз милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 871 | 0

Нарын облусунда бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды, алардын ичинен сегизи милиция кызматкерлери. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Нарында Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин арасында коронавируска карата текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 Текшерүүнүн негизинде 8 учур аныкталды. Алар ооруканага жаткырылып, дарыланууда, — деди ал.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1243 адамга жетти. Алардын ичинен 898 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM