Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда коронавирусту жуктуруунун жаңы рекорддук чеги катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2020 | 812 | 0

Тажикстанда акыркы сутка ичинде 205 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча бирдиктүү улуттук порталдын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, бир сутканын ичинде вирустан эки бейтап көз жумду.

18-майга карата өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1729 адамга жетип, алардын ичинен 41 бейтап каза болгон.

Буга чейин Тажикстанда 16-майда кечинде коронавирус 204 адамда аныкталган болчу.

Тажикстанда коронавирус жуктурган алгачкы 15 учур 30-апрелде жарыяланган.

30-апрелден тартып өлкөдө бардык базарлар жабылган.

1-майда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы келген.

Copyright © 2017 Maral FM