Биз менен байланышыңыз

Дагы 21 адамда коронавирус аныкталып, 21 адам айыкты

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 925 | 0

Бүгүн, 17-майга карата Кыргызстанда дагы 21 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 21 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 2 + 10 (Санкт-Петербург ш. келгендерден);
Чуй облусу — 3;
Нарын облусу — 6.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 11;
Ош шаары – 2;
Ош облусу – 2;
Баткен облусу — 3;
Нарын облусу — 3.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1138 адамга жетти. Анын ичинен 804 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM