Биз менен байланышыңыз

«Фрунзе» дүкөнүнүн кызматкери 48 адам менен байланышта болгон

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 366 | 0

Бишкек шаарындагы “Фрунзе” дүкөнүнүн коронавирус жуктуруп алган сатуучусу 48 адам менен байланышта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда онлайн брифинг учурунда шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Ал шаардыктарды муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга, эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырды.

12-майда Бишкектеги Vefa соода борборундагы “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус илдети аныкталган.

Ал өзүндө илдеттин симптомдорун байкаган үчүн өз алдынча келип коронавируска текшерилген. Лабораториялык текшерүүлөрдөн кийин ал жаранда коронавирус аныкталган.

16-майга карата Бишкекте вирус жуктуруп алгандардын саны 305 адамга жетти. Ал эми оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 648 киши. Мындан тышкары, 765 адам медициналык көзөмөлдө. 5 миң 504 киши үй карантининен чыгарылган.

Ошондой эле, 113 дарек боюнча тургундар анализ тапшыруудан баш тартышкан, ал эми 99 батирде жана турак үйдө эч ким эшигин ачпай, жабык болгон.

Бишкекте жалпы 20 мобилдик бригада иштеп, алар 7 700 ПЧР анализ алышкан.

“Фрунзе”дүкөнүнүн кызматкеринен коронавирус аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM