Биз менен байланышыңыз

“Фрунзе”дүкөнүнүн кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 842 | 0

Бишкек шаарындагы Vefa соода борборундагы “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өз алдынча келип коронавируска текшерилип жаткан жарандар бар. Алардын бири Бишкектеги “Фрунзе” дүкөнүнүн сатуучусу. Ал өзүнөн вирустун симптомдорун байкап калгандыктан текшерүүнү сурап кайрылган. Лабораториялык текшерүүлөрдөн кийин ал жаранда коронавирус аныкталган.

Учурда ал кызматкер менен чогуу иштегендерден анализ алынып, медициналык көзөмөл жүрүп жатат.

“Өзүндө оорунун белгилерин байкап, медиктерге 6 жаран кайрылган. Баарында Covid-19 диагнозу тастыкталып, тийиштүү дарылануудан өтүп жатышат. Алардын арасында борбор калаадагы гипермаркеттин кызматкери да бар, бардык санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле алардын байланышта болгон кесиптештери жана жакындары дагы медициналык текшерүүдөн өткөн”, — саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Бүгүн, 12-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарынан аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM