Connect with us

Депутат дарыларды негизсиз кымбаттаткандарга чара көрүүгө чакырды

Кыска кабар | 14 Май 2020 | 532 | 0

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйында депутат Искандер Гайпкулов Кыргызстандагы дары-дармектердин наркынын жогору экенине токтолуп, тиешелүү мекемелерди дарыны негизсиз кымбаттаткандарды токтотууга чакырды.

«Дарыканалар дары-дармектердин баасын доллардын курсунун өсүшүнө байланыштырып көтөрүшүүдө. Бирок, нарк курстук айырмачылыктан да 2-3 эсе жогору болууда. Мисалы, мурда гепарин 80 сомдон сатылчу, азыр анын баасы 230 сомго чыкты. Айрыкча жүрөк-кан тамыр ооруларына керектүү дарылар өтө кымбаттады», — деди Гайпкулов.

Буга байланыштуу эл өкүлү монополияга каршы күрөшүү органын жана Дары-дармек менен камсыздоо департаментин кырдаалдан пайдаланып жаткандарга чара көрүүгө чакырды.

Андан тышкары депутат кыргыз-өзбек чек арасындагы сүйлөшүлгөн тилкелерди демаркациялоо үчүн алгылыктуу аракет көрүү керектигин белгилеп, Араван районундагы 305 гектар тилке тосулбай турганын, ушул эле учурда өзбек тарап бардык техникалык иштерди аяктаганын кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнгөн каражаттардын кыскарганына каршылыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM