Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан аба жана темир жол байланыштарын калыбына келтирет

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2020 | 869 | 0

Өзбекстан Ташкент менен Нукус, Ургенч, Термез аба каттамдарын, ошондой эле «Афросиёб» жогорку ылдамдыктагы поезддин калыбына келтирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

13-майда Ташкентте президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында карантин талаптарын жеңилдетүү боюнча видео-конференция болуп өттү.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда алыскы райондор менен борбор калаанын ортосундагы транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү маселеси актуалдуу бойдон калганы белгиленди.

Ташкент менен Нукус, Ургенч, Термез  аба каттамдарын калыбына келтирүү, «Афросиёб» жогорку ылдамдыктагы поезддин Самарканд, Навои, Бухара, Карши жана Фергана шаарларына болгон поезд байланышын калыбына келтирүү пландаштырылууда. Шаарлардагы жеке унааларга коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселеси дагы каралууда.

Президент белгилегендей, пандемия дүйнөдө дагы деле болсо уланууда, бирок бир катар өлкөлөр акырындык менен карантиндик чектөөлөрдү алып жатышат.

Дүйнөлүк коомчулук пандемияда жашап жана иштөөнү үйрөнүү керек деген акыркы тыянакка келди, анткени вируска вакцина табыла элек. Эпидемиологиялык кырдаалды катуу көзөмөлдөп, биз карантиндик талаптарды жумшарта баштадык жана бул багытта ырааттуу иш алып барабыз , — деди Мирзиёев.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана регионалдык жетекчилердин сунуштарынын негизинде карантин талаптарын андан ары жеңилдетүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, шаарларда жеке унаалардын кыймылына коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселеси каралууда. Транспорт министрлигине, Ички иштер министрлигине жана Саламаттыкты сактоо министрлигине атайын республикалык комиссияга тийиштүү сунуштарды берүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM