Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Талапка баш ийбей, обсервациядан качып кеткиси келгендер бар

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 639 | 0

Соль-Илецк шаарынан алынып келинген мекендештер обсервациянын эрежелерине, медицина кызматкерлерине баш ийбей жатат. Обсервациядан качып кетүүгө аракет кылгандар бар.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн брифингде билдирди.

Бул боюнча тартипти көзөмөлдөө үчүн министрлик күч органдарына кайрылган.

Соль-Илецктен келген мекендештер санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, обсервациянын талаптарын так аткарбай жатышат. Обсервациядан качып кетүүгө аракеттенгендери болуп жатат, — деди министрдин орун басары.

Өткөн аптада Соль-Илецктен 541 мекендешибиз алынып келинген. Өкмөт орус-казак чек арасында кармалып калгандарды Казакстандын бийлиги менен бир катар сүйлөшүүлөрдөн соң алып өткөн.

Алар Бишкекке келгенде обсервацияга жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM