Connect with us

Үсөнбаев: Кыргызстанга коронавирус жуктуруп келгендердин баары аныкталды

Кыска кабар | 9 Май 2020 | 1217 | 0

Кыргызстанга коронавирус илдетин алып (жуктуруп) келгендердин баары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алар менен контактта болгондор да толук аныкталган.

Учурда изилдөө иштери улантылып жатат. 30 миңден ашык жаран обсервация жана үй карантининен өткөрүлдү. Илдетке чалдыккандардын дээрлик 72 пайызы сакайып чыкты, — деди Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус илдети катталган алгачкы учур 18-мартта аныкталган. 9-майга карата ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 931ге жетти. 12 жаран бул илдеттен каза болду. Арасында бир дарыгер айым каза болду.

Соңку маалыматтарга ылайык дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 4 миллиондон ашты. Андан каза болгондордун саны 276480ди чапчыды. 1 млн 395 миң адам оорудан сакайып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM