Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 2 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 575 | 0

Бүгүн, 8-майга карата сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19 жуктуруп алгандардын арасында 2 медициналык кызматкер болду. Алардын бири — Бишкек шаарынан болсо, экинчиси — Жалал-Абад облусунан.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөттө болуп өткөн брифинг учурунда билдирди.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 226 учур катталды. Алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

8-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 906га жетти. Стационарда – 244 бейтап дарыланып жатса, алтоо киши реанимацияда. Ошондой эле, 650 бейтап айыккандыгына байланыштуу ооруканадан чыгарылган. Ал эми илдеттен каза тапкандардын саны 12ге жетти .

Copyright © 2017 Maral FM