Биз менен байланышыңыз

Ошто коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 775 | 0

11-майдан тарта Ош шаарында коомдук транспорт ишин баштайт. Бул тууралуу шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров маалымат каражаттарына билдирди.

Мекеме кырдаалга жараша иш алып барат. Азырынча 20 троллейбус, 12 автобус шаар ичинде эл ташыйт.

— Адегенде 20 троллейбус, 12 автобус ишке чыгат. Жүргүнчүлөр көбөйө турган болсо, каттам дагы көбөйөт, аз болсо транспорттун санын азайтышыбыз мүмкүн. Автобустардын баары дезинфекция болду, иштеп баштаса күн сайын дезинфекцияланат. Айдоочулардын ар бирине коргоочу кийим, кол кап, беткап, антисептик даярдап бердик, — деп билдирген Талантбек Капаров.

Ал ошондой эле коомдук транспорт эртеӊ мененки саат 7:30дан иштей турганын, кечки каттам жүргүнчүлөрдүн иш графигине карап түзүлөрүн кошумчалайт.

Талапка ылайык, жүргүнчүлөр салонго отургучтардын санынан ашырылбай салынып, баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш экени эскертилет.

Copyright © 2017 Maral FM