Биз менен байланышыңыз

Дагы үч медкызматкер COVID-19 илдетине кабылды

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 382 | 0

7-майга карата дагы үч медицина кызматкери коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталды.

Бул тууралуу бүгүн Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алар Бишкек шаарынан – 1, Чүй облусунда – 1 жана Жалал-Абад облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 224 учур катталды, алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Азыркы тапта медицина кызматкерлердин 30%ы гана ооруканада дарыланып жатат. Коронавирус менен катталган 224 кызматкердин дээрлик 70%ы айыгып чыгып, кайрадан жумуш ордуларына кайтышты, — деп билдирди министрдин орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM