Биз менен байланышыңыз

Премьер Абылгазиев депутат Иманалиевден кечирим сурады

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 1515 | 0

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин билдирүүсү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевден кечирим сурады.

Бул маалыматты депутат Иманалиев “Маралга” тастыктады.

Айтымында, кечээ премьер жеке өзү телефон чалып, депутаттан кечирим сураган. Кемчиликти моюнга алуу бул адамдагы мыкты сапат экенин айткан депутат, ыйык Рамазан айында кечиримди кабыл алганын билдирди.

Азыр кек сактап, бири-бирибиз менен кайым айтыша турган учур эмес. Биз баарыбыз биригип, бул апааттан чыгып кетүүнү ойлонушубуз керек. Өкмөт айтылган сын-пикирлерден туура жыйынтык чыгарып, учурдагы кризистен чыгууда Парламент менен биргелешип аракет кылалы, Өкмөт антикризистик программасын алып келсин деп айттым, — дейт депутат Каныбек Иманалиев.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өкмөттү карантинде берилүүчү жеңилдиктер боюнча токтомун «Казакстандан көчүрүп алган» деп сындаган.

Көп өтпөй премьердин маалымат катчысы буга жооп катары какшык иретинде “Өндүрүштүк ишмердүүлүк – Нарын дарыясындагы крокодилге байланышкан миф эмес” деген билдирүү жазган.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш кечирим суроону талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM