Биз менен байланышыңыз

Казакстан Өзбекстанга Сардоба окуясына байланыштуу нота жиберди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 мая 2020 | 4927 | 0

Казакстан Өзбекстанга расмий кат жиберип, Сардоба суу сактагычындагы кырсык боюнча толук маалымат берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги Өзбекстандын бийлигинен транс чек аралык сууларда курула турган курулуштар тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылган. Казакстан тараптын пикиринде, транс чек аралык дарыяларда курула турган суу сактагычтар боюнча коңшу мамлекеттердин да кабары болушу зарыл. Маалыматта, Өзбекстан Сардоба дамбасын куруп жатканда, Казакстан менен макулдашкан эместиги айтылат.


Өзбекстан: дамбанын жарылуусунан кийинки сүрөттөр


«Сардоба суу сактагычынын курулушу биз менен макулдашылган эмес. Биз бир канча жолу Өзбекстан бийлигине эскертүү бергенбиз. Алар бизге кыскача маалымат берүү менен чектелген. Бүгүн биз нота даярдадык, ал тышкы иштер министрлиги аркылуу жиберилет. Биз өзбек тараптан Сырдарыя дарыясына курулган бардык обьекттердин тизмесин көрсөтүүнү талап кылабыз» деп жазылат расмий маалыматта.

Эске салсак, 1-майда Өзбекстандын Сардоба суу сактагычы жарылып кетип, жакынкы аймактагы калктуу конуштарды суу каптаган. Ошондой эле чектеш Казакстандын Түркистан аймагындагы 10 калктуу конуш да бул суу ташкынынан жабыркаган.


Өзбекстандагы дамбанын жарылуусунан Казакстандын эки айылын суу каптады (видео)


 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM