Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 564 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, эртең, 5-майда, түнкүсүн Баткен облусунун айрым райондорунда күн күркүрөп, жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт.

5-майда эртең менен жана күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында күн күркүрөп, маал-маалы менен жаан жаайт, тоолорго кар түшөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда катуу жаан жаашы күтүлөт. Тоого жакын райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамды 4-9 м/с, күндүз айрым аймактарда шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23

Таласта түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15
күндүз +20…+25

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21

Бишкекте түнкүсүн жаан болбойт, күндүз күн күркүрөп, өткүн өтөт.

Батыштан ылдамдыгы 4-9 м/с жеткен шамал болот. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +21…+23 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM