Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан каза болгон Жүзүм Көкүмбаеванын жакындарына президент көңүл айтты

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 796 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүм Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтат.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбнеков Жүзүм Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын айкан.

Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден айрылып отурабыз, — деп айтылат көңүл айтууда.

Президент маркум Жүзүм Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толугу менен аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып,  жүздөгөн  жаштарга насаатчы болгондугун баса белгиледи.

Дүйнөлүк апааттын биздин өлкөгө келиши менен анын жайылышын токтотууда алдыңкы сапта жүрдү. Жүзүм Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм, — деп айтылат президент Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуусунда.

Эскерте кетсек, Жүзүм Көкүмбаева 2-майда каза болгон. Ал коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды дарылаган.

Copyright © 2017 Maral FM