Биз менен байланышыңыз

Аксы районунун аймагында сел жүрдү (сүрөт)

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 960 | 0

Бүгүн, 3-май күнү болжол менен саат 12:10 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы жолдун жээгиндеги арыктарга келген сел батпай ЖТИ-38 ишканасы тейлеген автоунаа жолу менен агып, жолдун 1-чакырымында 2 метр аралыгынын бир тарабын жеп кеткен жана жол жээгинде жайгашкан 3 азык-түлүк сатуучу дүкөндү, 3 турак үйдүн короосун каптаган.

Учурда каттам бир тараптуу өтүүдө.
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы району боюнча Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылып, сел каптаган дүкөндөрдү тазалоо менен бирге автоунаа жолунун бир тарабына убактылуу таш тизүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM