Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада жүздөн ашык адам коронавирустан каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 700 | 0

Акыркы сутка ичинде Орусияда COVID-19 коронавирусунан улам 108 адам көз жумду. Бул тууралуу коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб кабарлаганын жергиликтүү басылмалар жазды.

Өлүмдүн көпчүлүгү борбор шаарда катталып, Москвада 67 адам, башка шаарларда 16 адам көз жумган.

Бир суткада Орусияда коронавирустук инфекциянын жаңы 5 841 учуру аныкталды. Жалпы жуктургандардын саны 99 399 адамга жетти. Алардын ичинен 10 286 адам аталган илдеттен айыгып, 975 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM