Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны 191ге жетти

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 470 | 0

Бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Жаңы жуктуруп алган учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:

• Бишкек шаары – 2;
• Нарын облусунда – 3;
• Ош облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 191 учур катталды.

Ошол эле учурда Бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Айыгып чыккан жарандардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 9;
Ош шаары – 3;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 3;
Нарын облусу — 5;

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти.  437 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM