Бүгүн, 29-апрелге карата коронавирус инфекциясы боюнча жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлардын аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек шаары – 13;
Ош облусу – 1;
Нарын облусунда -6;
Баткен облусу — 1.
Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти. 437 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.