Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 454 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-апрель күнү 17:45те Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Баткен районунун Бужум, Кызыл-Жол, Боз-Адыр, Кызыл-Бел, Достук айылдарында 4 балл, Көчө-Карын, Кара-Булак, Көк-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM